2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясына АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин терроризмге каршы күрөшүү, киберкоопсуздук жана алдамчылыктын алдын алуу боюнча эксперттери коштогон делегациясы келди. 

Жолугушууга АКШнын терроризмге каршы күрөшүү программасынын Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Майкл Твайнинг, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин аймактык коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Джейсон Паркер, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова жана түзүмдөрдүн башчылары катышышты.           

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын даярдоодогу жана квалификациясын жогорулатуудагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери үчүн окуу курсун уюштурууну белгилешти.            

Квалификациясын жогорулатуу курсун 2024-жылдын 11-мартынан тартып өткөрүү пландалып, ага 12 милиция кызматкери катыша турган болду.           

Окуу курсу үч этап менен өтүп, ар биринде өзүнчө темалар окутулат жана аяктагандан кийин катышуучуларга тастыктамалар ыйгарылат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *