Заманбап, санарип дүйнөдө билим алуу процессинде алынган кесиптик көндүмдөр тез эле эскирип жатат. Ошондуктан тынымсыз окутуу тагыраак айтканда кызматкерлердин, жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу учурдун эң негизги талаптарынан болуп калды.

Буга ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын квалификациясын жогорулатуу борбору бир гана ички иштер органдарынын эле эмес башка күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн да арттыруу максатында кызматкерлердин кесипкөйлүүлүгүн үзгүлтүксүз жогорулатуу милдетин өтөп келе жатат.

Бул жолу, ИИМдин Академиясынын квалификациясын жогорулатуу курсуна райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөө иштери боюнча башчылары келип, билимин тереңдетүүдө.

Аларга 29-февралда Кылмыш-жазык процесс кафедрасы тарабынан конок лекция уюштурулду.

Угуучуларга ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Азамат Дүйшөналиев келип, “Таза тергөө” автоматташтырылган маалымат тутуму боюнча пайдалуу маалыматтарды берип, иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *