2024-жылдын 4-март күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.

Иш-чара Мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. Гимндин аткаруусунда тууну көтөрүү укугу окуудагы жана коомдук иштерде ийгиликке жетише алган, активдүү курсанттарга берилди.

Саптык аянтта көтөрүлгөн желек өлкөбүздүн биримдигин, сыймыгын жана улуулугун билдирип, желбиреп турду.

Андан соң мамлекеттик сабактар кафедрасынын доценти милициянын подполковниги Жусуп Ашыров туунун кабыл алынышы, мааниси тууралуу баяндап берди.

Даталуу иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *