Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин студенттерине патриоттук сезимин көтөрүү жана тарбиялык иштерди жүргүүзүү максатында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине алып барып тааныштыруу иш-чарасы жүргүзүлдү. Коомдук-саясий сабактар кафедрасынын окутуучусу Медет Алымбеков студенттерге саясий репрессиянын курмандыктары тууралуу маалымат берип,  кыргызстандыктар үчүн мааниси зор, зыярат кылып, өткөндөргө таазим кылуучу жай тууралуу айтып беди. Ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө барышып, куран окушуп,  2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган мемориалдык комплекси менен да таанышышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *