2024-жылдын 12-февралдан 26-февралына чейин Бишкек шаарынын жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары арасында Спартакиадага активдүү катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.

Ордо улуттук оюну боюнча команда 1-орун;

Стол үстүндөгү теннис 45 жаштан жогору эркектер арасында милициянын полковниги Солдатбек Садабаев 2-орун, милициянын полковниги Темир Акунбаев, милициянын полковниги Кубанычбек Абдырахманов – 3-орун;

Стритбол 45 жаштан жогорку эркектер арасында милициянын полковниги Сагыналы Жумабеков, милициянын полковниги Рустам Исмаилов 3-орун, 35 жаштан жогорку аялдар арасында милициянын подполковниги Зарина Сатувалидиева, милициянын подполковниги Айжамал Айталиева.

Байгелүү орундарга ээ болгон окутуучулар Ысык-Көлдө өтө турчу Спартакиада-2024 катышууга жолдомо алышты. Эми алар жайында республиканын бардык жогорку жана орто окуу жайларынын окутуучулары арасында күч сынашышат.

Ошондой эле 2024-жылдын 9-12-февралында Бишкек шаарында «Алыш» бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионаты болуп, анда 3-курстун курсанты Дастан кызы Айгиза 1-орунду ээлеп, быйыл Казакстанда өтүүчү 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо алды.

24-27-февралге чейин Бишкек шаарында Улуу Ата мекендик согуштун жеңишинин 79 жылдыгына карата аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасьнын Чемпионаты болуп өткөн. Бул мелдешке Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курама командасы катышып, төмөндөгүдөй ийгиликтерге жетишти.

Эркектер арасында:

3-курстун курсанты Асанов Айдин 2-орун,

2-курстун студенти Сүйүтбеков Азат 2-орун,

1-курстун курсанты Өмүрзаков Баястан 3-орун,

35 жаштан жогоркулар арасында милициянын

майору Бакыт Сариев 3-орунду ээлешти.

Кыздар арасында:

3-курстун курсанты Адылбекова Гулина 1-орун,

3-курстун курсанты Акбердиева Алика 2-орун,

2-курстун курсанты Канатбек кызы Алтынай 2-орун,

2-курстун курсанты Жамалбекова Алтынай 2-орун,

1-курстун курсанты Турсунбекова Зарина 2-орун,

2-курстун курсанты Суйунбекова Малика 3-орунду ээлешти. Ал эми 2-курстун курсанты Анарбеков Баэл мелдеште жеңишке болгон умтулуусу үчүн сыйлыкка ээ болду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *