2024-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Кыргыз эл акыны, ойчул Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди.

Иш-чарада турмуш чындыгын таамай айтып ырдаган, эки доорду даңазалаган кыргыздын ак таңдай акыны Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгы, басып өткөн турмуш таржымалы тууралуу кенен талкуу болду.

Кыргыздын даанышман акынына арналган иш-чараны Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова ачып берди.

“Быйыл элибиздин сыймыгы, кыргыз эле эмес, жалпы түрк элдеринин поэзиясында өз сөзү бар улуу философ акын, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгын белгилеп жатабыз. Өзүнүн уникалдуу өнөрү менен белгилүү болгон, дүйнөлүк адабиятта орду кенен замандашыбыздын мааракеси биздин окуу жайда эскерилип жатканы, анын көөнөрбөс өнөрүнө болгон урмат сыйыбыз. Албетте, бүгүн анын таалим тарбиялык маанидеги чыгармалары туураалуу кызуу талкуулар болору анык. Иш-чара өсүп келе жаткан муунга зор таасирин берип, мекенчилдик сезимин ойготуп, улуттук маданий мурастарыбызга болгон сүйүүсүн курчутат деп ойлойм. Бардык катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалаймын. Улуу акындын өзү дүйнөдөн өтүп кетсе да, анын чыгармаларындагы бийик, түбөлүктүү идеялары урпактарыбыздын сезиминде жашай берсин”- деген тилегин билдирди, башчынын орун басары.

Бул күнү акынды жакындан изилдеген кыргыз адабиятчылары чакырылды. Тагыраагы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары, доцент Назгуль Турдубаева, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгуль Абдраева, ушул эле окуу жайдын Педагогика жана психология институтунун директору, доцент Г. Казиевалар келип, алп акындын чыгармачылыгына жасаган терең изилдөөлөрү менен бөлүшүштү.

Ал эми аталган иш-чараны уюштуруп, өткөргөн ИИМдин Академиясынын уюштуруу социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсүнүн башчысы милициянын полковниги Гүлайым Алгочонова “Барпы Алыкулов – элдик педагог, нукура тарбиячы” темасында доклады менен чыкты. Ал акындын бизге калтырып кеткен руханий көркөм мурасындагы таалим-тарбияга, адеп-ахлак ойлорго бай, турмуш философиясын салыштыруулар менен берген асыл нарктары тууралуу баяндады.

Андан соң жогоруда аты аталган университеттердин студенттери, Академиянын курсанттары акындын ырларын көркөм окушту.

Барпы Алыкуловдун атын бүгүнкү күнгө чейин даңазалап келе жаткан “Мөлмөлүм” ашыктык ыры экени талашсыз. Бул чыгарманын аткаруусунда курсанттар кыргыз бийин иймериле бийлешти.

Ошондой эле акындын калеминен жаралган обондуу ырларда курсанттардын аткаруусунда жаңырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө, алдын ала тартылып алынган видео-ролик көрсөтүлдү. Анда курсанттар акындын мааракесин утурлай шаар тургундарынан Барпы Алыкулов тууралуу сурамжылоо жүргүзүшкөн.

Көөнөрбөс талант Барпы Алыкуловдун элесине арналган иш-чаранын соңунда башчынын орун басары милициянын полковниги Нурия Маматазизова чакырылган конокторго Ыраазычылык каттарын тапшырды.

Ушундай эле Ыраазычылык каттары менен Кыргыз мамлекеттик университетинин кафедра башчысы Назгуль Абдраева ИИМдин Академиясынын жетекчилигин жана кызматкерлерин сыйлады.

Иш-чара катышуучулардын эстеликке сүрөткө түшүүсү, Академиянын музейи менен таанышуусу менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *