2024-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары жана студенттери Тилимпоз социалдык долбоору уюштурган “Заманбап кыргыз тили” форумуна катышышты .

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чынгыз Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, ошондой эле кыргыз тилинин өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жаткан ишкерлер, активисттер катышышты.

Форумдун негизги максаты жаштарды эле эмес, үйдөгү кенедей баладан тартып, чоң ата чоң энелерге чейин эне тилинде сүйлөөгө үндөө болду.

Форумдун алкагында кыргыз тилин өнүктүрүү жолдору, басып өткөн доорлору, тарыхы, Дүйнөдөгү орду, аны өнүктүрүүдө кыргыз кандай иш-аракеттерди күнүгө аткаруусу керек экени туурасында, жогоруда аты аталган ардактуу инсандар тарабынан бир канча кеңештер, асыл кептер, насааттар берилди.

Форумда курсанттар, ар бир коноктун, спикердин айтканына кунт коюп угуп, соңунда абдан көп маалыматтарга ээ болгонун айтышты.

Иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөргөн Тилимпоз социалдык долбооруна, чакыргандарына терең ыраазычылык билдирип, көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *