2024-жылдын 15-мартында Олимпиада чемпиону А. Милентьевдин жаркын элесине арналган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматтык көп түрдүүлүк боюнча чемпионаты жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү.

Чемпионатка республика боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери катышкан.

Мелдеште ИИМдин Академиясынын курама командасы байгелүү үчүнчү оорунга ээлеп, кубок, диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду.

Жеке эсепте кызматкерлер төмөндөгүдөй ийгиликтерге жетишишти:

Кызматтык

көп түрдүүлүк боюнча 41 жаштан жогору

курактагы эркектер арасында, Бюджеттик негизди күндүзгү билим берүү факультетинин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Алмаз Абакиров І орун;

31 жаштан жогору

курактагы айымдар арасында, Окуу процессинин сапатын көзөмөлдөө тобунун улук тескөөчүсү милициянын майору Назгуль Бегалиева III орун;

40 жашка чейинки

курактагы эркектер арасында

курсант Эрмек Эсеналиев III орун;

Кичи калибрдүү

мылтыгынан ок атуу боюнча айымдар

арасында мелдеште Маалыматтык китепкана борборунун кенже тескөөчүсү милициянын сержанты Рахат Чекирова I орун;

Эркектер

арасында мелдеште Аскердик жана атайын техникага даярдык кафедрасынын башчысы милициянын полковниги Аскар Аблаев II орун;

»Макаров» тапанчасынан

ок атуу боюнча айымдар арасында мелдеште Коомдук саясий сабактар кафедрасынын профессору милициянын подполковниги Акжибек Исираилова III орун.

Кесиптештерибиздин ийгиликтери кут болсун!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *