2024-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында социалдык түйүндөр аркылуу жүргүзүлүп жаткан алдамчылык менен күрөшүү боюнча семинар аяктады.

Ага Ички иштер министрлигинин тиешелүү түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, интернет желесинде адатка айланып бараткан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тажрыйбаларын кеңейтүүгө жетишишти.

Кызматтык квалификациясын тереңдетүү курсу АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин терроризмге каршы күрөшүү, киберкоопсуздук жана алдамчылыкты алдын алуу боюнча бюросу менен биргеликте өткөрүлдү.

Семинарга активдүү катышып, ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге тастыктамалар тапшырылды.

Эми тажрыйба топтогон кызматкерлер алган билимин, маалыматтарын бирге иштеген кесиптештерине жеткирүү үчүн окууларды өткөрүшөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *