2024-жылдын 26-февралынан 15-мартына чейин ИИМдин Академиясынын дистанттык сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик аттестациялоо болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнөн келген 150 кызматкердин 14 ү магистр, 136сы академиялык бакалавр даражасын ээ болушту.

Ал эми 15-мартта окууну ийгиликтүү аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр менен ИИМдин Академиясынын башчысы жолукту.

Өз сөзүндө башчы милициянын генерал-майору Тариель Абитов, ийгиликтерди каалап, мыйзамдуулукту сактоо, тартипти көзөмөлдөө боюнча кеп кеңештерин берип, акыл насааттарын айтты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *