2024-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кылмыш жаза укугу кафедрасынын доценти милициянын полковниги Манас Аманбаев “Ала-Тоо” эл аралык университетинин кайрылуусу менен конок лекция өткөрүп келди.

Сабакта ИИМдин Академиясынын доценти окуу жайдын студенттерине “Кыргызстанда тыюу салынгын экстремисттик жана террористтик уюмдар, алардын идеологиясы жана коркунучтары” темасында кеңири айтып, экрандан көрсөтүп берди.

Соңунда “Ала-Тоо” Эл аралык университетнин ректору тарабынан Манас Аманбаевге ыраазычылык кат ыйгарылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *