2024-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигини менен биргеликте социалдык тармактарда жогорку деңгээлдеги иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча семинар башталды.

Ага Ички иштер министрлигинин тиешелүү түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда. Сабак 16-мартка чейин өткөрүлөт.

Семинардын ачылышында ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Кылыч Кадыркулов, “Акыркы кездери кылмышкерлер акча табуунун эң оңой жолун таап, үйдө отуруп эле адамдарды алдап, акчаларын тоноп жатышат. Аталган кылмышкерлер менен күрөшүү өлкөдө катуу тартипте жүрүп жаткандыгына карабастан аркасы тыйылбай келет. Түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүп жаткандыгына карабастан жарандар киберкылмышкерлердин колуна түшүп калууда. Алардын көбү социалдык тармактар аркылуу жүргүзүлүп жатат. Бул глобалдуу кылмыштын түрү менен дүйнө жүзү күрөшүүдө. Кибертерроризм татаалдашып кетти. Ал эми бул окуу курсу кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын билимин инвестициялоо гана эмес, аны иш жүзүндө колдонуунун жолдорун издөөнү камтыйт. Андыктан сабактарга активдүү катышып, алган билимиңерди кесиптештериңерге да жеткирип, биргеликте бул кылмыш менен күрөшүүнү уланта берели”-деди.

Кызматкерлердин татыктуу билим алуусу үчүн атайын шарттар түзүлүп, техникалык жабдуулар орнотулуп, синхрондук котормочулар да келишкен.

Сабакты АКШнын Мамлекеттик департаментинин Дипломатиялык коопсуздук бюросунун терроризмге каршы жардам көрсөтүү программасынын улук окутуучулары Майкл Мак Тэвиш жана Нэйтан Тэйгланд өткөрүп жатат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *