5-март Ак калпак күнүнө карата ИИМдин Академиясында улуттук баалуулуктарыбыздын бири, кыргыздын ардактуу баш кийими ак калпак боюнча атайын лекция уюштурулду.

Ага Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттары катышышты.

Лекцияда ак калпактын пайда болушу, мааниси, кийүү эрежелери тууралуу айтылып, чоң экрандан үлгүлөрү көрсөтүлдү.

Иш-чарага катышкан курсанттар абалтан ата-бабалардан келе жаткан улуттук мурасыбыз, эн тамгабыз ак калпак тууралуу тарыхый маалыматтарга ээ болушту.

Майрамыңыздар менен! Башыңардан ак калпагыңар түшпөсүн!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *