Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Эл аралык эне тил күнүнө карата “Акыл таймаш” оюну болуп өттү.

🔸Аталган иш-чарага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынан куралган “Ак кеме” жана “ “Жаабарс” командалары катышты.

🔸Интеллектуалдык оюнда катышуучуларга дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны, чыгармачылык жолу жана алган наамдары жөнүндө суроолор берилип, катышуучулардын Ч. Айтматовдун өрнөктүү өмүрү тууралуу канчалык билими бар экени бааланды.

🔸Иш-чара ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасынын демилгеси менен уюштурулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *