2023-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптык аянтында Дистанттык сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин магистранттары катарга тизилишти.

🔹Алгач саптык кароо өткөрүлүп, магистранттардын кызматтык күбөлүктөрү, жеке номерлери жана чөнтөк буюмдары текшерилди.

🔸Андан соң Аскердик жана атайын тактикалык даярдык кафедрасы тарабынан “Саптык даярдык” сабагы өткөрүлдү.

🔹Сабак, Факультеттин иш-мерчемидерин аткаруу жана билим алып жаткан кызматкерлердин саптык даярдыгын жогорулатуу максатында уюштурулду.

🔸Саптык даярдык учурунда, кызматкерлерге, сапта өз ордун жана милдеттерин билүү, ошондой эле куралсыз саптык ыкмалары, анын ичинде аскердик саламдашуу, саптан чыгуу, сапка туруу, жетекчиликке келүү жана ордуна кайтуу эске салынды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *