Кыргыз милициясынын ардактуу ардагери милициянын генерал-майору Асаналиев Тилек Асаналиевич 80 жашка толду.

Тилек Асаналиев катардагы тескөөчүдөн жетекчиге, лейтенанттан генералга чейин жеткен, бир нече жолу мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон кыргыз элинин кадырлуу, үлгүлүү, сыйлуу инсандарынын бири.

Кутман курагын белгилеп жаткан ардагерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Генералдар кеңешинин» төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Төлөгөн Илимгазиев кызуу куттукташты.

Урматтуу Тилек Асаналиевич!

Сизди Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан бүгүнкү кутман курак 80 жаш юбилейлик мааракеңиз менен куттуктап, чын дилимден чыккан каалоолорумду билдирип кетким келет!

Сиз коомдук тартипти сактап жана жарандардын укуктарын коргоп, темирдей бекем эркти, нукура эрдик менен кызмат өтөп, ишке болгон ак ниет мамиле кылгандыгынызды көрсөтө алгансыз. Ошондой эле өзүңүздүн адамдык сапаттарыңыздын бийиктиги менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагерлеринин жана кызматкерлеринин арасында чоң урмат сыйга ээ болдунуз!

Урматтуу Тилек Асаналиевич, бүгүнкү юбилейлик мааракеңизде, Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык каалоо менен бирге бул турмушта жакындарыңыз менен бактылуу өмүр сүрө беришиңизге тилектештигимди билдирем!

Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков.

Урматтуу Тилек Асаналиевич!

Сизди 80 жаш кутман курагыңыз менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын өздүк курамынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын! Биздин укук коргоо органдарындагы жетекчилик кызматта иштеген өмүр жолунуз барандуу да салмактуу. Азыркы учурдагы милиция кызматкерлерине сиздин басып өткөн жолуңузду үлгү катары айтуу жана көрсөтүү биздин милдет. Сиз азыр да өзүңүздүн бай тажрыйбаңызды, билимиңизди келечек мундарга айтып келесиз. Сизге чың ден-соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат каалап, уулдун урматын, кыздын кызматын көрүп, неберелердин күлкүсүнө батып, бакубат жашоодо бейпил өмүр сүрүп, үй-бүлөңүз менен аманчылыкта боло беришиңизге тилектешпиз.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов

Ал эми, Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Генералдар кеңешинин» төрагасы Садырбек Дубанаев өз куттуктоосунда,

“Өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо өзгөчө салымыңыздын бар экендигин биз дайыма жогору баалайбыз. Сизге чың ден соолук, бейпил турмуш жана жүрөгүңүздүн түпкүрүнөн чыккан эң ыйык асыл максаттардын орундалышын каалайбыз!” –деген каалоо тилектерин билдирген.

Кадырман курагы менен генерал Асаналиевге ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Төлөгөн Илимгазиев да өзүнүн аруу тилектерин билдирип, мыкты инсандык сапаты менен өз элине өтөгөн ак ниет кызматына, келечек ээлерин тарбиялоого кошкон зор салымына ыраазычылыгын билдирди.

Милициянын генерал-майору Асаналиев Тилек Асаналиевич, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кадрларды тандап, даярдап, окутуп, үйрөткөн ИИМдин Академиясын, ал кездеги Милициянын Бишкек жогорку мектебин 1991-1999-жылдары жетектеген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *