Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атайын буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2022-жылга карата түзүлгөн Иш-мерчемдин талаптарына ылайык, 2022-жылдын 28-ноябрынан 26-декабрына чейин ИИМдин Башкы штабынын демилгеси менен, Министрликтин Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн ИИМдин Академиясынын базасында “Ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” аталышындагы окуу курсу өткөрүлдү.

📢2022-жылдын 26-декабрында ИИМдин Академиясында аталган окуу курсун ийгиликтүү аяктаган кызматкерлерге тастыктамалар тапшырылды.

📢Бул иш-чарага ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариэл Абитов жана ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Айбек Орозакунов, ИИМдин Академиясынын тилге даярдык кафедрасынын начальниги милициянын майору Каниет Шүкүров жана окуу курсту аяктаган кызматкерлер катышты.

📢Сертификат алган кызматкерлерге мындан ары да өздөрү эмгектенген кызматта мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өз салымдарын кошуу боюнча ишенимдер көрсөтүлүп, сунуштар жана каалоолор айтылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *