Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2022-жылдын 11 -ноябрында эл аралык илим күнүнө карата И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде илимий техникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коомго жарыялай турган көргөзмө уюштурулган. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы да катышты. Көргөзмөгө окуу жайдын професскордук-окутуучулук курамынын илимий эмгектери, окуу куралдары, окуу-методикалык куралдары, чакан курстары, жана башка илимий иштери коюлуп, Академиянын ишмердүүлүгү тууралуу видороликтер көрсөтүлдү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/f25c6f2c-7a14-463e-8a86-600f5e8baeb8-766x1024.jpg)
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/f76375a8-3dab-4486-9560-f209915aee29-1024x766.jpg)
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2022/11/0fada078-7fde-4e82-88bf-97e0f27c8d41-1024x766.jpg)