12-февраль күнү БЖМКК демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында, Бишкек шаары боюнча ИИМдин БЖМКК башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Джоорбаев тарабынан милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын 2-3-курсунун курсанттары үчүн “Азыркы коомдун баңги коопсуздугунун негиздери”деген темада лекция өткөрүлдү.

Бул лекциянын максаты милициянын курсанттарынын баңги заттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү чөйрөсүндө алардын аналогдорун жана күчтүү таасир этүүчү дары каражаттарын – дүйнөдө өзгөрүп жаткан баңги кырдаалын эске алуу менен кесипкөйлүктүн жана алардын ыкчам жөндөмдөрүн өркүндөтүү катары билимин жогорулатуу болду.

🟣 Курсанттарга интерактивдик методдорду колдонуу менен лекция окутуу өткөрүлдү. Лекциянын соңунда курсанттар баалуу белектер менен сыйланышты.

🟣 Ал эми эң активдүүлөрү милициянын генерал-лейтенанты Болотбек Ногойбаевдин окуу куралына ээ болушту. Өз кезегинде Академиянын жетекчилиги курсанттардын алган билимдери үчүн ыраазычылык билдирди.

🟣 Ал эми ИИМ БЖМКК кызматкери курсанттарга окууларына жакшы жетишкендиктерди жана кесиптик жолунда ийгиликтерди каалады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *