Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы “Ички шитер органдарында санитардык абалды жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жумуштарын уюштуруу менен ишембиликтерди өткөрүү жөнүндө” ИИМден келген тескемени жана Бишкек шаарынын мэриясынан жөнөтүлгөн телефонограмманы аткаруу максатында жалпы республикалык масштабдуу ишембиликке катышты.

Ишембиликке окуу жайдын кызматкерлери, студенттери, курсанттары жана угуучулары активдүүлүк менен чыгып, Академиянын айлана чөйрөсүн, Садовая көчөсүн, Путепроводная көчөсүнөн, Шабдан баатыр проспектисине чейин, Шабдан баатыр проспектисинин түштүк тарабын Михаил Лермантов көчөсүнөн Мухтар Ауэзов көчөсүнө чейин тазалап, таштандыларды чогултуп, шыпырып, иретке келтиришти.

Бишкек шаарын жашылдандырууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынан жалпы 650 адам катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *