2022-жылдын 7-11 апрель күндөрү Жогорку окуу жайлар арасындагы Универсиадада (I лига) спорттун бокс түрү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курама командасы жалпы командалык эсепте биринчи орунга ээ болушуп, кубок жана 25 000 сомдук сертификат менен сыйланышты. Жеке эсепте:57 кг. салмактык категорияда 2-орунга 2-курстун курсанты Канатбеков Алишер, 3-орунга 3-курстун курсанты Пазылбеков Элмурза;60 кг. салмактык категорияда 1-орунга 3-курстун курсанты Тороходжаев Самандар;67 кг. салмактык категориясында 1-орунга 1-курстун курсанты Асанов Айдин;71 кг. салмактык категориясында 2-орунга 2-курстун курсанты Абдусамат уулу Шагзот ;75 кг. салмактык категориясында 2-орунга 2-курстун курсанты Бекполот уулу Сыймык;80 кг. салмактык категориясында 3-орунга 1-курстун курсанты Калдаров Майрамбек;86 кг. салмактык категориясында 1-орунга 1-курстун курсанты Акимов Рауф ээ болушту. 1-2-3- орунду ээлеген командалардын оюнчуларына диплом медаль, машыктыруучулары грамота жана медаль менен сыйланышты

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *