2024-жылдын 13-февралында ИИМдин Академиясында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү.

🔹Ага Ооган согушунун ардагерлери, Ооган согушуна катышып андан соң кызматтык милдеттерин кыргыз милициясында улантып, көп жылдар бою ИИМдин Академиясында келечек укук коргоо органдарын дайындоого салымын кошуп кеткен, окуу жайдын ардагерлери, Академиянын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

🔹Иш-чара Ооган алааматында курман болгон офицерлерди жана жоокерлерди эскерүү менен башталып, чакан видео-тасма көрсөтүлдү.

Андан соң ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов куттуктоо сөзү менен иш чараны ачып берди. “1979-жылы Советтик аскерлердин катарында биздин мекендештерибиз да колуна куралын алып, тайманбастан, өлүмгө тике карап, душмандардын мизин кайтарып, ооган элинде тынчтык орнотуп, өзүнүн интернационалдык милдеттерин өтөп келишкен. Ал эми бүгүн, согуш талаасында өзүнүн жигиттик милдеттерин ак ниеттүүлүк менен өтөп келип, өзүнүн кесиптик жолун кыргыз милициясынан таап, ИИМдин Академиясында көп жылдар бою эмгектенип, топтогон мол тажрыйбасы менен келечектин милицияларын дайындоого салымдарын кошуп кеткен ардагерлерибизге таазим этем. Сиздерге Академиянын өздүк курамынын атынан терең ыраазычылыгымды билдирип, бекем ден соолук, кажыбас кайрат, тынчтык жана бакубатчылык каалайм”-деди. Куттуктоо сөзүнөн кийин Ооган согушунун катышуучуларына Ардак грамоталарын тапшырды.

🔹Ал эми Кыргызстандын Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Аманкул Азимов өз сөзүндө, ооган ардагерлерине мындай иш-чараларга катышууга жана өткөн жылдардагы кайгылуу күндөрдү бөлүшүүгө чакырып, сый көргөзүлүп жатканына ыраазычылыгын билдирди.

🔹Ошондой эле кызматтагы жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн Академиянын кызматкерлерине Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин сыйлыктарын тапшырды.

🔹Майрамдык иш-чарада ооган ардагерлери он жылга жакын созулган согуштун окуялары, андагы атайын операциялар, жеңиштер жана жоготууларды эскерип, өсүп келе жаткан муунга тарбиялык кеңештерин, насааттарын айтып, Дүйнөдө тынчтык болушун каалашты.

🔹Ардагерлер менен жолугушуу ИИМдин Академиясынын курсанттары жана студенттери тарабынан даярдалган чакан концерттик программа коштолду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *