2024-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында Бишкек ШИИББнин кызматкерлери үчүн атайын окуу курсу башталды.

🔸Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин тапшырмаларын аткаруунун алкагында ИИМдин Академиясы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен бирдикте тергөөчүлөрдүн, ыкчам иликтөө кызматкерлеринин жана коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүүнү баштады.

🔹Бул курсу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана кадрларды даярдоо системасын оптималдаштырууга багытталган.

🔸Окуу ар бир жуманын ишемби күнү белгиленген предметтер боюнча өткөрүлөт.

🔹Бүгүнкү окуу планы боюнча кызматкерлер төмөндөгү темаларда маалыматтарын кеңейтүүгө ээ болуп, кызыктырган суроолорун берип, айрым маселелерди талкуулашты:

📌Кылмыштарды иликтөөдө тактикалык ыкмалардын өзгөчөлүктөрү;

📌Кылмыштын ар кандай түрлөрү боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө криминалистикалык жактан маанилүү маалыматтар;

📌Адамдын индивидуалдык психологиялык мүнөздөмөлөрү;

📌Маалыматтык жана компьютердик технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштар;

📌Мониторинг жүргүзүү жана санариптик медиадан алынган маалыматтарды чогултуу ыкмалары;

📌Ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү мамлекеттин укук коргоо функциясынын өзгөчө түрү;

📌Кылмыш-жаза укугунун негизги институттары.

🔹Ошондой эле, сабактын алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Укуктук статистика жана эсепке алуу башкармалыгынын өкүлдөрү чакырылып, алар “Сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөттөрү” темасында конок лекция өткөрүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *