Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университетинин доценти, “Даанышман кеңеш” Коомдук бирикмесинин төрагасы Бердибек Жумабаев менен жолугушуу кечеси уюштурулду. Иш-чарага  ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы отставкадагы милициянын полковниги Т. Илимгазиев,  курсанттар жана  студенттер катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө жазуучу, билим берүүнүн отличниги, коомдук ишмер Б. Жумабаев “Кыргыз таануу” китеби тууралуу маек куруп, улуттук уңгунун уюткусун кармаган салттуу баалуулуктарыбыздын сакталышы жана жайылышы, тектүүлүк жана мурастуулук, кыргыз дүйнө таанымы, маданияттык өзөк, ааламдашуу өзгөчөлүгү жана тагдырлаштык тууралуу айтып берди.

Кыргыздын философиялык таанымдары, дүйнөлөшүү шарданында шар суусуна агып кетпей, кылымдап келген салт нускаларды сактап, аны заманга шай учурга бап келтирип колдоно билүү тууралуу да катышуучулар менен маек курду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *