2022 жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында дистанттык-сырттан билим берүү боюнча жана магистратура факультетинин жана акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин студенттерине “ Баңги заттарды колдонуунун алдын алуу” темасында конок лекция уюштурулду. Лекцияны Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын кызматкери милициянын подполковниги Ч. Табалдиева өткөрүп, аталган кызматтын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыш иштерине өспүрүмдөрдүн тартылышына жол бербөө, баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды жайылтуу ыкмалары, жаңы психоактивдүү заттардын жайылышын алдын алуу боюнча кандай чараларды көрүү керектигин жөнүндө кенен маалымат берди. Иш-чаранын жүрүшүндө БМЖКККнын кызматкерлери студенттерге кыскача видеороликтерди көрсөтүп, кызыктырган суроолоруна да жооп беришти. Аталган иш-чара ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультети тарабынан уюштурулган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *