Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан билим берүү боюнча жана магистратура факультетинин студенттери “Разбой” кинотасмасына барып келишти. Аталган кинотасма Бишкек шаарында болгон окуянын негизинде тартылган. Ал каза болгон милиция кызматкери Марат Жумаевдин жаркын элесине арналган. Сюжетке ылайык, шаарда бир катар зордук-зомбулуктар менен тоноо фактылары катталып, аларды милиция кызматкерлеринен турган ыкчам топ иликтеген. Режиссерлордун милициянын турмуш чындыгын көрсөткөн кино тасмасы жаш муундарды адамкерчилик, патриоттук мыкты сапаттарга үндөгөн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *