Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттерине жана Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттарына Кыргызстан муфтиятынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Шергазиев Жоробай ажы тарабынан лекция окулуп, анда,

ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөөгө, маркумду акыркы сапарга узатууда жана салтанаттуу тойлорду атандашуу менен ашыкча чыгымга дуушар болуудан алыс болууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы элибиздин жашоо шартын жакшыртууга болгон чаралар экендигин айтып, ошондуктан Жарлыктын талаптарын аткарууга чакырды.

Андан тышкары коомду түзгөн адамдар арасында өз ара мамилелерди чыңдай турган бирден бир таяныч – бийик адеп-ахлак экендигин билдирип, адеп-ахлак эрежелерине баш ийүүгө чакырып, катышуучуларга бири-бирине жакшы мамиле кылууга, ынтымак жана биримдикти чыңдоого үндөдү.

Жолугушуунун аягында Жоробай ажы студенттердин жана курсанттардын суроолоруна жооп берип, алардын пикирин, көз карашын угуп, кызыктуу маек курушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *