Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясына тапшырууну каалаган абитуриенттер Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аскердик-дарыгердик комиссиясынан өтүп жатышат.

            Аскердик-дарыгердик комиссия талапкерлердин ден соолугун текшерип кызматка жарамдуулугун аныктайт. Медициналык кароодо алар хирург, невропотолог, окулист, отоларинголог, терапевт, стоматолог жана башка адистердин кароосунан өтүшөт.

            Кызматка жарактуу деп табылган талапкерлер физикалык даярдыгы боюнча сынактарды тапшырышат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *