Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал майор Э. Алиев атындагы академиясынын Дистанттык сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультети менен акы төлөнүүчү күндүзгү билим берүү факультеттеринин студенттерине өрт коопсуздугунун жана жер титирөөнүн кесепетин алдын алуу жөнүндө конок сабагы уюштурулуп өткөрүлдү. Конок сабак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу кафедрасынын начальнигинин орун басары подполковник М.У. Иргебаев жана Жашоо коопсуздугу кафедрасынын ага мугалими подполковник А. Б. Куйкеев тарабынан өткөрүлүп, студенттерге өрт коопсуздугунун негизги талаптары, өрт учурунда өзүн алып жүрүү, жер титирөө, жана башка өзгөчө кырдаалдарда коопсуздук чараларын колдонуу, сактануу жана биринчи жардам көрсөтүү бөюнча маалымат берилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *