20-июнда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында саптык тизилүү болуп өттү. Иш-чарада ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов өздүк курамга жана өзгөрүлмө курамга жайкы каникулдук-өргүү убагында кызматкерлер жана курсанттар тарабынан мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо жана күчөтүү, сууга түшүү эрежелерин жана жолдо жүрүү эрежесин бузбоо боюнча нускама өттү.

Андан соң, 20-июндан баштап старт алган Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын арасында “Ден-соолук-2022” спартакиадасына катышып жаткан ИИМдин Академиясынын спорттун ордо, шахмат жана стол тенниси боюнча курама командаларына ийгиликтерди каалап, бир катар кызматкерлерге кезектеги атайын наамдарды ыйгарды. Иш-чара саптык жүрүш менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *