2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын  Илимий изилдөө борбору,  Квалификацияны жогорулатуу борбору жана Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы менен биргеликте тажырыйба алмашуу максатында онлайн видеобайланыш форматында «Россия Федерациясынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» аттуу темасында лекция уюштурду.

Лекцияны Россия Федерациясынын ИИМдин Барнаулдагы юридикалык институтунун административдик укук жана ички иштер органдарынын административдик ишмердүүлүгү кафедрасынын окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты, полициянын подполковниги Гайдуков Андрей Александрович өткөрдү.

Лекцияга шаардык, райондук ички иштер башкармалыктарынын начальниктеринин орун басарлары,  шаардык, айылдык милиция бөлүмдөрүнүн (ГОМ, ПОМ) начальниктери жана ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *