16-майда Энелер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында майрамдык иш-чара болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, ардагерлери, өздүк курамы, курсанттар, студенттер жана алардын ата-энелери катышты. Иш-чараны ачып жатып, ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов бейиш эненин таманынын астында деген сөз эненин үй-бүлөдөгү жана коомдогу өзгөчө орду бар экенин айгинелээрин, келечек муундун ден-соолугу, балдардын билиминин сапаты, нравалык түркүктүн жана коомдогу баалуулуктардын калыптанышы түздөн-түз эненин ден-соолугунан жана билим деңгээлинен көз каранды экенин белгилеп, биринчи кезекте энелердин саламаттыгы жана бакубаттыгы жөнүндө кам көрүүгө ар бир жаран милдеттүү экенидигин билдирип, энелерге чың ден-соолук, кажыбас кайрат каалады.

Андан соң, ИИМдин Академиясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Т. Илимгазиев сөз сүйлөп, “Аялзаттын, өзгөчө энелердин түйшүгү дайыма көп. Жашообузда Эненин өзгөчө ролу бар. Эне — дүйнөдө теңдеши жок асылзат. Эне — өмүрдүн башаты. Тогуз ай омурткасы сыздап, наристени аман-эсен жарыкчылыкка алып келип эле тим болбой, аруу тилегин, жылуу мээримин арнап, өзгөдөн эле эмес, өзүнөн да аяган дүнүйөсүн баласына тартуулайт. Ошондуктан Энени урматтоо жана сыйлоо ар бир инсандын милдети. Майрамыңыздар менен урматтуу энелер! Уул-кыздардын урматын көрүп, төрүбүздө аман жүрүңүздөр! Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм”- деди. Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Т. Абитов ардагер аялдарга жана жакшы окуган, коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан курсант, студенттердин энелерине ыраазычылык катын тапшырды. Иш-чара курсанттардын жана студенттердин майрамдык концерти менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *