Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын уюшуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүжана дене тарбиясы жөнүндө Жарлыгынын аткаруу максатында жолугушууларды уюштуруп келе жатат.

2023-жылдын 17-октябрында окуу жайдын ардагери, көп жылдар бою Академиянын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келген милициянын отставкадагы полковниги Нинахан Орозбаева менен 1-курстун студенттеринин жолугушуусу өттү.

Ардагер, студенттерге улуу муунга урмат-сый көрсөтүү, сылык мамиле жасоо жана ата-энелерди ардактоо темаларынын алкагында маектешип, кеп кеңештерин берди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *