2023-жылдын 25-декабрында ИИМдин Академиясынын саптык аянтында сапка тизилүү болуп өттү.

Анда ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов спорттук мелдештерде ийгилик жаратып, байгелүү орундарга ээ болгон 23 студентке жана 52 курсантка Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт боюнча департаментине караштуу “Жаштык” дирекциясынын “Ден соолук” алтын жана күмүш төш белгилерин тапшырды.

Андан соң 2023-жылдын 9-10-декабрь күндөрү өткөн “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Бишкек шаарынын ачык биринчилигине катышып , 1 – орунду ээлеген Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанты, Дастан кызы Айгизага жана

2023-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында грепплинг боюнча Кыргыз Республикасынын “НАГА” турнирине катышып 3 – орунду ээлеген Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанты, Муканбетов Бекжанга диплом, медалдарын, 2023-жылдын 17-майынан 20-майына чейин, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөр күнүнө арналган Аскердик кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында жеңишке жетишкендиги ошондой эле буга чейин көрсөтүп келген ийгиликтери менен спорттун чебердигине талапкер наамын толтургандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин 2023-жылдын 6-декабрындагы буйругу менен курсант Муканбетов Бекжанга жана курсант Сүйүтбекова Маликага Кыргыз Республикасынын спорттун чебердигине талапкер күбөлүгүн жана төш белгисин ыйгарды.

Ошондой эле бул күнү, башчы, 23-24-29-30-ноябрь күндөрү уюштурулуп өткөрүлгөн волейбол боюнча жылдын жыйынтыктоочу оюнунда, эркектер арасында 1-орунду ээлеген Акы төлөө негизинде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунунун жана кыздар арасында 1-орунду ээлегендиги үчүн 2-курсунун студенттерине өтмө кубокторун тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *