2013-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына Россия Федерациясынын ИИМдин транстпорттогу башкы башкармалыгынын биринчи орун басары, полициянын генерал-майору Д.А.Демин, РФнын ИИМдин ТББнын ыкчам-иликтөө башкармалыгынын башчысы, полициянын полковниги М.Н.Швец жана РФнын ИИМдин ТББнын коомдук-коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги С.В.Нетесановдор келишти.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/05/559de48b-708d-40db-94a8-f44162fb8ae1-1.jpg)
Конокторго, ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Т.Т.Абитов окуу жайдын түптөлүшүн, ишмердүүлүгүн жана жетишкендиктери тууралуу кыскача маалымат берди.
Өз сөзүндө генерал-майор Д.А.Демин “Жолугушуунун мааниси жогору экенин жана чакырып, жылуу тосуп алганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем” – деп мындан аркы кызматташууга ишеним артаарын билдирди.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/05/21214748-c6d7-44b4-85bf-f315f3539af2-1.jpg)
Иш-чаранын соңунда коноктор ИИМдин Академиясынын музейинде болуп, ардак китебине каалоо-тилектерин жазышты.
Жолугушуу эки тараптын бири-бирине баалуу белектерди берүү жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/05/7c39cdae-270c-4843-9775-7cf129382026-1.jpg)
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/05/384879b1-dd4d-4d45-8084-29ff5693651f-1.jpg)