Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ош шаарында жайгашкан факультеттер аралык кафедрасы теориялык билимди практика менен айкалыштыруу максатында “Соттук медицина жана психиатрия” сабагы боюнча 2-курсунун студенттерин Ош облустук “Соттук-медициналык экспертиза” борборуна алып барды. Студенттер үчүн соттук медициналык эксперт Абдилда уулу Зарлыкбек тарабынан практикалык сабак өтүлүп, соттук медициналык экспертиза ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу жүргүзүлдү.

Ушул эле студенттер үчүн эртеси Ош ОИИБдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча медициналык кызматынын дарыгер-психиатры Анарбек Муртазаев чакырылып, ал соттук психиатрия ишмердүүлүгү боюнча кенен айтып берип, зарыл болгон маалыматтар менен бөлүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *