2023-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын криминалистика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын “Кылмыштарды иликтөөнү соттук-эксперттик колдоо жана киберкоопсуздук борборунда” курсанттар, студенттер жана угуучулар үчүн ИИОдогу заманбап маалыматтык технологиялар сабагынын негизинде практикалык сабак ​​өткөрүлдү.  

            Ага Кыргыз Республикасынын УКМКнын «Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун» өкүлү катышып, “Киберкылмыштуулук менен күрөшүү” темасында кенен маалымат берди.

            Сабакта кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары тарабынан колдонулуп жаткан заманбап ыкмалар жана жөндөмдөр талкууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *