Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жана “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында “Мурас” интеллектуалдык оюнунун экинчи этабы болуп өттү. Аталган оюнга жалпысынан 8 команда катышып, оюн кызыктуу көз ирмемдер, өзгөчө таасирлер менен коштолду.

Акыл таймаштын катышуучуларына Ардагерлер кеңешинин төрагасы, ооган согушунун ардагерлери, Тилге даярдык кафедрасынын жана Тарбия бөлүмчөсүнүн башчылары баа беришти.

Интеллектуалдык оюнда эң көп упай топтогон эки команда оюндун кийинки этабына жолдомолорду утуп алышты.

Өзөгүбүздү жана тамырыбызды жоготуп албашыбыз үчүн адилеттүүлүккө жана акыйкаттуулукка негизделген нарктуу коомду куруу үчүн, каада-салт, үрп-адаттарыбызды жаштарга өткөрүп берүү максатында бул интеллектуалдык оюн Тарбия бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *