16-17-февраль күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттары жана студенттеринин арасында “Мекенди сүйүү” темасында интеллектуалдык брейн-ринг оюнунун биринчи этабы болуп өттү. Аталган иш-чара Уюштуруу-социалдык, тарбия иштер жана ЖМК менен байланыш бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын тарыхы, адабияты, үрп-адат, каада – салты жөнүндө суроолорду камтыган. Интеллектуалдык оюнга жалпы жонунан 17 команда катышып, жогору упайга ээ болгон 9 команда экинчи турга өтүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *