Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын күндүзгү билим берүү факультетинин курсанттары жана студенттеринин арасында “Мекенди сүйүү” темасында интеллектуалдык брейн-ринг оюнунун финалы болуп өттү. Аталган иш-чара Уюштуруу-социалдык, тарбия иштер жана ЖМК менен байланыш бөлүмү тарабынан уюштурулуп, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого, өз эне тилине, маданиятына, тарыхына рухий дөөлөт, байлык катары мамиле кылуусун күчөтүп, кызыгуусун арттырууга багытталган. Сынак Кыргызстандын тарыхы, адабияты, тили, үрп-адат, каада – салты жөнүндө суроолорду камтыган. Интеллектуалдык оюнга “Намыс”, “Ак Шумкар”, “Биримдик”, “Таберик”, “Ынтымак” командалары катышты. Командалар “Саламдашуу”, “Суроо-жооп”, “Капитандардын таймашы” деген үч тур боюнча ат салышып, оюндун жыйынтыгында эң көп упай топтоп 2-курстун “Таберик” командасы алдыга озуп чыкты. Экинчи орунга 1-курстун (контракт) “Биримдик командасы”, үчүнчү орунга 3-курстун “Ынтымак” командасы ээ болушту.Интеллектуалдык оюн бардык катышуучуларга позитивдүү эмоцияларды тартуулап, кругозорун кеңейтүүгө жардам берди десек жаңылышпайбыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *