Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 3-курсунун курсанттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таанышуу максатында барып келишти.  Жогорку Кеңештин Уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери курсанттарга парламенттин имараты менен тааныштырып , мыйзам чыгаруу органынын тырыхы, жетекчилери тууралуу айтып берди. Андан соң курсанттар депутат А. Мадумаров, М. Маматалиев, Н. Кадырбеков Э. Жамгырчиев менен жолугушуп, кызыктырган суроолорун беришип, чакан маек курушту. Эл өкүлдөрү милицияга болгон эл ишенимин жогорулатуу жаш муундардын колунда жана ал үчүн татыктуу билим алып, ак эмгек кылуу керек экенин белигилешип,  курсанттардын окууларына ийгилик каалашты.   Андан соң, курсанттар парламенттин чоң жыйындар залында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарынын отурумуна да күбө болушту.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *