Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын рухний-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери жана 2-курстун курсанттары Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында коюлуп жаткан Р. Оторбаевдин “Тагдыр” спектаклине барып келишти.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/01/325138841_555006790006568_4951210940310532688_n-1024x768.jpg)
Баңгизатка берилген Жалкытайдын үй-буюмдарын уурдап сатканы аз келгенсип, атасы жолтоо болбогондо апасын өлтүрүүгө да бармак болгон каарман кесилип кетип кайра келгенде же ата-энеден жок, же сүйгөн кыздан жок же достордон жок, ээн көрүстөндө өзүнүн күмбөзүнө өзү өкүрүп жалгыз калганы тууралуу спектакль көрүүчүлөргө тарбиялык таасир берди десек жаңылышпайбыз.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/01/325247370_554239023387722_4032404959892621148_n-1024x768.jpg)
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2023/01/325261110_705855047595820_4232536064519128211_n.jpg)