Күндүзгү билим берүү факультетинин 1-курсунун кураторлору жана курстун офицерлери 2023-жылдын 9-февралында курсанттар үчүн орусиялык “Асман” тасмасын көрсөтүштү. Болуп өткөн окуяларга негизделген тасманын башкы каармандары 2015-жылы күзүндө Сирияга кеткен орусиялык аскер учкучтары болгон. Тасмада аскердик учкуч, подполковник Олег Пешковдун өлүмү менен байланышкан окуя кеңири чагылдырылган.

Тасма “Мен Мекен үчүн иштебейм – мен ага кызмат кылам!” – мына ушул принциптерди жана милдетке, Антка бекем турууга, патриоттуулукка үйрөтөт.

Тасманын соңунда кураторлор тасманын сюжети жана идеясы тууралуу суроолорду берип, жооп берген курсанттарга таттуу белектерди тартуулашты.

Андан тышкары, 10-февралда бюджеттк негизде күндүзгү билим берүү факультетинин 3-курсунун курсанттарына милициянын полковниги Ж. Айдарбеков кураторлук саат өткөрдү. Анын жүрүшүндө курсанттардын окуудагы жетишкендиктери, тартиби, көйгөйлөрү тууралуу баарлашып, мындан аркы алып бара бурган иштери тууралуу маектешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *