2023-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы ички иштер министрлигинин Академиясынын дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура  факультетине кабыл алуу сынактары өткөрүлдү.

Кирүү сынактарына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, укук коргоо, фискалдык органдардын, Куралдуу күчтөрдүн, сот системасынын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери катышышты.

Кызматкерлер Кыргызстандын тарыхы, кыргыз, орус тилдери жана адабияты сабактарынан тест тапшырышты.

Ошондой эле бул күнү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү  талаптарына ылайык, Ош шаарындагы ИИМдин Академиясынын факультеттер аралык кафедрасына кабыл алуу уюштурулуп, сынак  онлайн режиминде жүргүзүлдү.

Сынактан ийгиликтүү өткөн кызматкерлер 2.5, 3.5  жана 5 жыл аралыгында билим алып, “юриспруденция” багыты  боюнча “бакалавр” квалификациясына ээ болушат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *