Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын квалификациясын жогорулатуу курсунда ИИОнун РИИБнын начальниктеринин кадрлар боюнча орун басарлары үчүн беш күндүк, ал эми милициянын шаардык жана айылдык бөлүмдөрүнүн начальниктери үчүн эки жумалык окуу курсу башталды. Аталган окуу курсунда жетекчилерге жаңы кабыл алынган мыйзамдар, ИИОнун калк менен кызматташуусу, көчмө кабылдамалардын ишмердүүлүгү, кылмыштуулуктун алдын алуунун укуктук негиздери жана маалымат коопсуздугу, мамлекеттик сатып алуу боюнча жетекчинин жоопкерчилиги, иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча аудиториялык сабактар өтүлмөкчү.


Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *