Бүгүн, ИИМдин Ички аскерлери түзүлгөн күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага ИИМдин Академиясынын башчысы, кызматкерлери жана курсанттары катышышты. Милициянын генерал-майору Тариель Абитов ИИМдин Ички аскерлерин түзүлгөн күнү менен куттуктап, “Ички аскерлер кызматы бүгүнкү күндө өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздап, жерибиздин тынчтыгын, элибиздин бейпилдигин жана ошондой эле коркунуч туудурган ар кандай коопту учурларда алгылыктуу күрөш жүргүзүп келесиздер. Мындан ары да биргеликте мамлекетибиздин тынчтыгын камсыз кылып, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоодо биргеликте иш алып бара беребиз деп ишенем.

Эли-жери үчүн жанын аябастан, ак кызматын өтөп келе жаткан эр жүрөк, ар намыстуу аскерлерибиздин эрдиктери ар дайым бааланып, эмгегиңердин акыбети кайта берсин.

Сиздерге кааларым, бекем ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөңүздөр менен аманчылыкта бактылуу өмүр сүрүңүздөр”- деген аруу тилектерин айтып, сыйлыктарды тапшырды.

Ал эми ИИМдин Академиясынын курсанттары жоокерлерге музыкалык номерлерди туртуулашты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *