Быйыл 1-ноябрь Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 99 жыл толду. Даталуу күнгө карата ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында салатанаттуу иш-чара болуп өттү.

Ага Академиянын жетекчилиги, ардагерлери, кызматкерлери, курсанттары  жана студенттери катышышты.

Иш-чаранын башында башчы милициянын генерал-майору Тариель Абитов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун куттуктоосун өздүк курамга жеткирип, өзүнүн да аруу тилектерин айтып өттү.

“Сиздерди кыргыз милициясынын түзүлгөн күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кылымга жеткен даңктуу жолду баскан Кыргыз милициясынын катарында кызмат өтөө ар бирибиз үчүн чоң сыймык. Ал эми элибиздин бейпил жашоосу үчүн келечектеги коомдун коопсуздугун камсыздаган, кылмыштуулук менен күрөшкөн, ар намыстуу, айбаттуу МИЛИЦИЯ кызматкерлерин дайындоодо чоң вазийпасын аткарып келе жаткан ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем.  Бул күнү сиздерге чын ден соолук жана үй-бүлөңүздөргө, бакыт-таалай, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болуп, элибиз бейпилдикте өнүгүп, өсө берсин!”- деди башчы.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ардактуу ардагерлерге, кызматкерлерге жана окуудагы артыкчылыктары үчүн курсанттарга сыйлыктар тапшырылды.

Андан соң майрамдык маанай тартулоо үчүн Уюштуруу социалдык иштер жана тарбия бөлүмчөсү дайындаган, курсанттардын катышуусундагы концерттик программа тартууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *