Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан белгилеген он приоритеттүү багыттарынын бири менен, министрликтин түзүмдүк кызматтарынын жетекчилерине өздүк курам арасында таалим-тарбияны күчөтүү, моралдык принциптерди бийик койгон кадрларды даярдоо, кызматкерлердин деӊгээлин жогорулатуу боюнча окутуп-үйрөтүү жумуштары тапшырылган. Берилген тапшырманын алкагында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан облустук милициянын өздүк курамы менен КР ИИМдин Академиясынын окутуучуларынын ортосунда бир катар жолугушуулар уюштурулду.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/03/ade6b3c8-6948-4791-afba-5e9eef9a52a2-1024x683.jpg)
Жолугушууга ИИМдин Академиясынын ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү кафедрасынын башчысы милициянын подполковниги Болот Жеңишев, Жазык-процесс кафедрасынын доценти милициянын полковниги Тынычбек Осмоналиев, ушул эле кафедранын окутуучусу милициянын подполковниги Сапарбек Асангулов, Адмимнистративдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын доценти милициянын подполковниги Аманбек Тукуев катышууда.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/03/169b04f3-1288-4298-8779-d164c4ec285b-1024x683.jpg)
Үч күндүн аралыгында ИИМдин Академиясынын окутуучулары шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин борбордук аппаратынын өздүк курамы менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууларда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн аныктаган мыйзам актыларынын негиздери, кызматкерди моралдык категорияларда түшүнүүгө жардам берген таалим-тарбия маселелери кеңири түшүндүрүлдү.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/03/5aa0148d-1da4-4628-9e1c-f00f18ea6615-1024x473.jpg)
Жолугушууда Академиянын окутуучулары белгилегендей, укук коргоо органдарында иштеген адамдар кесиптик милдетин татыктуу аткаруу үчүн ички дүйнөсү күчтүү, адеп-ахлактык жактан сабырдуу, үлгүлүү атуул болууга тийиш. Ошондо, милиция кызматкеринин алдында коюлган талаптар өз деӊгээлинде турмушка ашары бышык.
![](https://academy-mvd.kg/wp-content/uploads/2024/03/fe67c153-a8ae-45b2-80a8-f60075608e3f-1024x683.jpg)
Соӊунда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров ыраазычылык катын тапшырып мындан аркы жемиштүү кызматташтыгына ишенимин билдирди.