Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын жана мамлекеттик органдардагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча өз ара кызматташуунун алкагында , 7-февралдан 15-февралга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Кылмыш жаза укугу кафедрасынын начальниги, юридика илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Р. Исмаилов жаңы кабыл алынган мыйзамдар боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине окууларды өткөрдү.

Андан тышкары, 16-февралда “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин Гуманитардык илимдери факультетинин “Эл аралык жана бизнес укугу” кафедрасынын студенттерине “Кылмыш жаза укугу” сабагы боюнча конок лекциясын өткөрдү. Аталган окуу жайдын жетекчилиги ИИМдин Академиясынын окутуучу курамынын Юриспруденция багытындагы салымын жогору баалап, алардын тажрыйбаларын студенттерге жеткирүүгө кызыкдар экендиктерин билдирди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *