2023-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын өздүк курамы комплекстүү медициналык кароодон өттү.

            Сергек жашоо образын сактоо максатында жыл сайын Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгынын демилгеси менен ИИОнун, анын ичинде ИИМдин Академиясынын кызматкерлери медициналык кароодон өтүшөт.

            Сапаттуу жана эффективдүү кызмат аткаруу үчүн ар бир кызматкер өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү абзел.

            Медициналык башкармалыктын дарыгерлери (невропатолог, отоларинголог, окулист, психиатр, терапевт, хирург, стоматолог ж.б.) кызматкерлердин ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр болсо ага атайын чара көрүп, алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *